«Marella Discovery» Мармаристе
Патмос аралынан чыгып, Мармарис портунун чоң пристанына токтогон кемеде көбү британиялык 1801 жүргүнчү жана 746 кызматкердин бар экени маалымдалды.
Мальта желектүү «Marella Discovery» аттуу круиздик кеме саякатынын алкагында «негизги порт» катары колдонгон Мугланын Мармарис районуна келди.
Патмос аралынан жол тартып, Мармарис портунун чоң пристанына токтогон кемеде көбү британиялык 1801 жүргүнчү жана 746 кызматкердин бар экени маалымдалды.
Бажы процедураларынан кийин порттон жөнөп кеткен туристтер Мармарис базарын, тарыхый Калеичи районун, Маринаны жана Узунйалы пляжын кыдырышты.
Шаар борборундагы тарыхый жана туристтик жерлерге барган жүргүнчүлөр Далян Каунос туруна катышты.
Мармарис круиз портунан «негизги порт» кызматын алган кемедеги жүргүнчүлөр бир жума бою райондогу мейманканаларда болушат.
Мармаристен көптөгөн жаңы жүргүнчүлөр да кийинки саякатка кошулуу үчүн кемеге түшүшөт.
Тектеш кабарлар
Иорданиянын тышкы иштер министри Анкарага келет
Жолугушууда негизги тема Израилдин аймактагы кол салуулары болмокчу.