Муглага келген туристтердин саны өстү

Шаарга жылдын 8 айында 2 миллион 617 миң 473 чет элдик турист келген.

2187341
Муглага келген туристтердин саны өстү
mugla turizm turist.jpg
mugla turizm turist.jpg
mugla turizm turist.jpg
mugla turizm turist.jpg

Түркиянын маанилүү туризм борборлорунун бири болгон Муглага 8 айда 2 миллион 617 миң 473 чет элдик турист келди.

Жер Ортолук деңиз менен Эгей дейизи кесилишкен туризм борбору, табигый кооздуктары жана байыркы шаарлары менен атагы чыккан Мугла 340 миң керебеттик жайлар менен жергиликтүү жана чет элдик конокторго кызмат кылууда.

Жыл сайын миллиондогон туристти кабыл алган шаар Түркияга келген англиялык туристтердин басымдуу бөлүгүн кабыл алууну улантууда.

Шаарга жылдын 8 айында 2 миллион 617 миң 473 чет элдик турист келген.

Эң көп турист келген өлкөлөр 1 миллион 118 миң 79 киши менен Англия, 278 миң 465 киши менен Орусия, 211 миң 510 киши менен Польша, 163 миң 638 киши менен Германия жана 66 миң 498 киши менен Голландия болду. Шаарга башка өлкөлөрдөн 779 миң 283 турист келген.



Тектеш кабарлар