Президент Эрдоган жаштар менен телефон аркылуу сүйлөштү

9 - 17 - сентябрь күндөрү Коселиде министрлер, басма сөз кызматкерлери жана илимпоздордун катышуусу менен уюштурулган Адам укуктары боюнча окуу лагери программасы уланууда.

2187180
Президент Эрдоган жаштар менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Эрдоган Адам укуктары боюнча окуу лагериндеги жаштар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

9 - 17 - сентябрь күндөрү Кожелиде министрлер, басма сөз кызматкерлери жана илимпоздордун катышуусу менен уюштурулган Адам укуктары боюнча окуу лагери программасы уланууда.

Программада  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары Хамза Даг суроо  -  жооп бөлүгүндө жаштардын талабы боюнча президент Эрдоган менен телефон аркылуу байланышты.

Телефон аркылуу жаштарга кайрылган Эрдоган : "Силер биздин келечегибиз, үмүтүбүзсүңөр",- деди. 

Эрдоган  келечектеги Түркияны жаштар менен мыкты куруу ишеничинин күн өткөн сайын арткандыгын айтты. 

Жаштарга : "Эч токтобостон аракет кылабыз жана окуйбуз, окугандарыбызды келечекке ташыйбыз",- деген Эрдоган  : «Силердин бүгүн окуп, ойлогон нерселериңер менен эртеңки жаштар келечектеги Түркияны курат",-  деп сөзүн бүтүрдү.



Тектеш кабарлар