Нуман Куртулмуш Айшенурдун үйүнө барды
Оккупация астындагы Батыш Шериада Израиль аскерлери шейит кылган Айшенур Эзги Эйги Айдын облусунун Дидим районунда акыркы сапарына узатылды.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Израиль шейит кылган Айшенур Эзги Эйгинин адамзат үчүн күрөшүн унуттурбай тургандарын айтты.
Нуман Куртулмуш коштоосундагы адилеттик жана үй - бүлө министрлери менен бирге Израиль тарабынан шейит кылынган түрк активист Айшенур Эзги Эйгинин Айдындагы үйүнө барды.
Эфгинин элесин дайыма жаша тургандарын баса белгилеген Куртулмуш : "Айшенур берген бул адамзаттык күрөштү унутпайбыз, унуттурбайбыз. Ал жерде шейит болгон ар бир палестиналыктын каны канчалык ыйык болгон болсо Айшенур Эзгинин каны да ошончолук ыйык",- деди.
Куртулмуш : «Нетаньяху жана анын бандасы бул үчүн бардык эл аралык соттордо жооп бериши керек. Түрк улуту жана мамлекети катары акырына чейин иликтейбиз",- деди.
Оккупация астындагы Батыш Шериада Израиль аскерлери шейит кылган Айшенур Эзги Эйги Айдын облусунун Дидим районунда акыркы сапарына узатылды.