Түркия туризм боюнча дүйнөдө алдыңкы 5 өлкөнүн арасында
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой : «Түркия туризм боюнча дүйнөдө алдыңкы 5 өлкөнүн арасында. 60 миллион турист максатына көздөй бекем кадамдарды таштоо менен бирге 60 миллиард доллар киреше алууну максат кылуудабыз»,-деди.

Министр Эрсой Газиантеп Маданият Жолу фестивалынын басма сөз жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн туризмин 12 айга чыгара турган жана дүйнөлүк туризмден дагы күчтүү үлүш алууга мүмкүндүк берүүчү иштерди жүргүзүп жаткандарын билдирип : "Аткарып жаткан иштерибиздин натыйжасында бүгүн Түркия дүйнөдө туризм боюнча биринчи 5 өлкөнүн арасында. 2002 - жылы өлкөбүзгө 13 миллион турист келип, туризмден алган киреше 12 миллиард доллар болгон. Бүгүн биз 60 миллион турист максатына карай ишенимдүү кадамдар менен жолубузду улантып, 60 миллиард доллар киреше алууну максат кылып жатабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Путин менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Орусиянын президенти Путинди туулган күнү менен да куттуктады.