Террористтерге каршы күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндө 7-9-сентябрь күндөрүнүн аралыгында абадан операциялар жүргүзүлдү.

2186968
Террористтерге каршы күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндө 19 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги, Ирактын түндүгүндө 7-9-сентябрь күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн абадан операцияларда 19 террористтин жок кылынганын маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Ирактын түндүгүнө 2024-жылдын 7- 8 - 9-сентябрында жүргүзүлгөн аба операцияларынын натыйжасында Гарада 10, Хакуркта 6 жана Кандилде 3 жалпы 19 террорист жок кылынды. Террорду өз булагын жок кылуу үчүн күтүүсүз, адаттан тыш, тез жана үзгүлтүксүз операцияларды улантабыз»,-деген сөздөр камтылды.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террористтерине каршы операцияларын улантууда. "Тынчтык булагы" аймагында аныкталган 2 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар