Президент Эрдоган Мармара университетинин ачылышында сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Биз кылымдар бою 3 континент 7 климатта үстөмдүк кылса да, тарыхында колонизатордук боюнча уят болбогон мамлекетпиз»,- деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Биз кылымдар бою 3 континент 7 климатта үстөмдүк кылса да, тарыхында колонизатордук боюнча уят болбогон мамлекетпиз»,- деди.
Президент Эрдоган Стамбулда Мармара университети Режеп Таййип Эрдоган комплексинин окуу имараттарынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Жыл сайын Түркиядан миңдеген студенттин өлкө тышына билим алуу үчүн баргандыгын, 198 башка өлкөдөн 340 миңге жакын студенттин да Түркияда билим алгандыгын белгилеген Эрдоган жөндөмдүү, билим алууну, изилдөөнү каалаган, Түркияны таануу, түрк маданияты менен тилин билүүнү каалаган ийгиликтүү студенттердин түрк университеттеринде окушун колдогондорун айтты.
Эрдоган : «Биз өлкө жана улут катары эч качан адамдарды терисинин өңүнө, жашаган жерине, сүйлөгөн тилине карап бөлгөн эмеспиз, тарыхта колонизатордук боюнча уят болбогон мамлекетпиз. Биз ушундай элбиз. Бул ак баракты эч ким булгай албайт".- деди.