Министр Фидан Испанияда
Министрликтин X социалдык медиа аккаунтунда билдирүү жасалды.
2186974
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Испаниянын борбор шаары Мадридде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен жолугушту.
Министрликтин X социалдык медиа аккаунтунда бөлүшүлгөн билдирүүдө, министр Фидандын Мадридде Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасы түзгөн Газа сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү да арасында болгон кесиптештери жана Испаниянын премьер-министри Санчес менен жолугушканы маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле министр Фидандын Мадридде Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес менен жолугушканы белгиленди.