Эрдоган «БУУнун Келечектеги Саммитинин Глобалдык Чакыруусу» онлайн иш - чарасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин баскынчы саясаттарына карата БУУ жана башка өзгөчө эл аралык коомчулуктун үнүн дагы таасирдүү чыгарышы керектигин айтты.

2186772
Эрдоган «БУУнун Келечектеги Саммитинин Глобалдык Чакыруусу» онлайн иш - чарасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин баскынчы саясаттарына карата БУУ жана башка өзгөчө эл аралык коомчулуктун үнүн дагы таасирдүү чыгарышы керектигин айтты.

«БУУнун Келечектеги Саммитинин Глобалдык Чакыруусу» онлайн иш - чарасына видео кайрылуу жөнөткөн президент Эрдоган, мамлекет жана өкмөт башчылары менен БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш менен саламдашты.

Коопсуз жана өнүккөн келечекти куруу үчүн оболу тынчтыкка муктаждыктын бар экендигин баса белгилеген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Терроризм, ислам жана чет элдик душмандыгы, мыйзамсыз миграция, климаттын өзгөрүшү сыяктуу жагдайлар болуп жаткан геосаясий соккулардын күчүн арттырууда. Мунун эң кыйын үлгүсүн  11 айдан бери Газа башта болгон оккупациядагы Палестина жерлеринен көрүп жатабыз. 17 миң бала, 41 миңден ашуун киши каза болгон, 100 миңден ашуун киши жаракат алган, Газанын дээрлик баары жер менен жексен болгон абал менен бетме  - бет келип турабыз. Бомбалардын астында балдар өлүп жаткан бир дүйнөдө өзүбүздү коопсуз сезе албайбыз. Түркия катары зулумга каршы жана эзилгендердин тарабында турууну улантабыз жана бул гуманитардык позициябыздан артка кайтпайбыз».

Президент Эрдоган : "Коомдорубузду уулаган бардык жек көрүү сөздөрүнө, насистикке жана ашкере оңчул агымдарга каршы демократиябызды коргоого мажбурбуз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар