Улуттук коргоо министрлиги : "95 террорист жок кылынды"

Улуттук Коргоо министрлигинин басма сөз маалымат жыйынында терроризм менен күрөшүү боюнча маалымат берилди.

2186588
Улуттук коргоо министрлиги : "95 террорист жок кылынды"

Акыркы бир жумада 95 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин басма сөз маалымат жыйынында терроризм менен күрөшүү боюнча маалымат берилди.

Ушунун негизинде түрк куралдуу күчтөрүнүн террорду булагынан жок кылуу  түшүнүгүнүн негизинде тынымсыз жана кеңири масштабдуу операцияларда акыркы бир жумада 95 террорист жок кылынды.

Ушундайча 1 -  январдан бери  Ирактын түндүгүндө  983, Сириянын түндүгүндө 980 террорист жок кылынды. 

Билдирүүдө 2 - 9 -  сентябрда Ирактын түндүгүндөгү Метина, Зап, Гара, Хакрук, Кандил жана Асостогу террордук буталарга карата жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарга да орун берилди. 

Операцияда ичинде жооптуу террористтер да болгон үңкүр, баш калкалоочу жерлер, кампа жана террордук уюм колдонгон курулуштардан турган жалпы 41 бута ийгиликтүү жардырылды. 

Ата мекендик жана улуттук ок - дарылардын колдонулушу менен жүргүзүлгөн операцияларда алдын ала жыйынтыктарга караганда 27 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар