Түркия Вьетнамга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги "Вьетнамдагы тайфун" тууралуу билдирүү жасады.
Түркия «Яги» тайфунунан каза болгондого байланыштуу Вьетнам элине көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги "Вьетнамдагы тайфун" тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө, "Вьетнамды каптаган «Яги» тайфунунун кесепетинен каза болгондорго жана материалдык чыгымга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.
Вьетнамдын түндүгүнө таасир эткен «Яги» тайфуну себеп болгон апаат жана кырсыктардан 197 киши каза тапкан.
Вьетнамдын апааттын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттигинин билдирүүсүндө жүздөгөн кишинин жаракат алганы, дайынсыз жоголгон 58 киши үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы жана жабыркаган аймактарга азык-түлүк жардамынын жөнөтүлө турганы маалымдалган.
Өлкөнүн түндүгүндөгү деңиз жээгиндеги шаарлардан 50 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Тектеш кабарлар
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү
Амуде аймагында аныкталган террорист Белге чекит операциясы менен таасирсиз кылынды.