ТРТнын «Куттуу басып алуу» даректүү тасмасы бүгүн кечинде көрүүчүлөргө тартууланат

TRTнын билдирүүсүнө караганда, 24-августта Стамбулда бет ачары болгон даректүү тасма бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө TRT 1, TRT 2, TRT Belgesel, TRT Түрк жана ТРТ Аваз, саат 21.00дө TRT Хабер экранында түрк көрүүчүлөрүнө тартууланат.

2186654
ТРТнын «Куттуу басып алуу» даректүү тасмасы бүгүн кечинде көрүүчүлөргө тартууланат

TRT World изилдөө тобу тарабынан оор шарттарда даярдалган «Куттуу басып алуу» даректүү тасмасы биринчи жолу сыналгыларда көрсөтүлөт.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) билдирүүсүнө караганда, 24-августта Стамбулда бет ачары болгон даректүү тасма бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 20.00дө TRT 1, TRT 2, TRT Belgesel, TRT Түрк жана ТРТ Аваз, саат 21.00дө TRT Хабер экранында түрк көрүүчүлөрүнө тартууланат.

Биринчи эл аралык бет ачары 17-сентябрда Босния-Герцеговинада Аль-Жазира уюштурган Даректүү фильмдер фестивалында боло турган тасманы 18-сентябрда TRT World, TRT Arabi жана TRT телеканалдарынын бардык эл аралык платформаларынан көрүүгө болот.

ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы даректүү тасманын жарнамалык видеосу менен бирге социалдык медиа билдирүүсүндө: «Палестина жерлеринин кантип жана кандай мотивация менен басып алынганын, радикал жөөт баскынчыларынын арасына кирип тарткан видеолорубуз менен экранга алып чыгабыз»,-деди.

Даректүү тасмада Бириккен Улуттар Уюму жана эл аралык коомчулуктун көбү мыйзамсыз деп эсептеген жөөт баскынчыларынын Батыш Шериада палестиналыктарга кылган мыкаачылыктары күбөлөрдүн да, кылмышкерлердин да көзү менен, таң калыштуу көрүнүштөр менен чагылдырылат.

Израилдик активисттер, мурдагы израилдик аскерлер, радикалдык оккупациялык лидерлер жана Израиль парламентинин мүчөлөрү менен болгон интервьюлары менен Сионист Израилдин палестиналыктарды көчүрүү стратегияларын ачып берген даректүү тасмада палестиналыктардын жерлери кандайча уурдалып, үйлөрү кандайча талкаланганын ачыкка чыгарат.



Тектеш кабарлар