Сириянын түндүгүндө шейит
«Зайтун бутагы» операциясы аймагында жөө аскер адиси сержант Онур Чапандын ок тийип шейит болгону белгиленди.
2186251
Сириянын түндүгүндө «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Зайтун бутагы» операциясы аймагында жөө аскер адиси сержант Онур Чапандын ок тийип шейит болгону белгиленди.
Билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым, кайгылуу үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана улутубузга көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,-деп айтылды.