Дагы эки террорист колго түшүп берди
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
2186340
Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист Шырнак облусунун Силопи районундагы Хабур чек ара бекетине багынып беришти.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түрк аскерлеринин чечкиндүү операцияларынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти. Террористтер үчүн кутулуунун жалгыз жолу Түркиянын адилеттүүлүгүнө багынып берүү»,-деп айтылды.