Президент Эрдоган Крым платформасынын лидерлер саммитине видео кайрылуу жөнөттү
Эрдоган, быйылкы саммиттин Крым татар элинин сүргүнгө айдалышынын 80 жылдыгына туура келгенин эске салды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына колдообуз туруктуу. Крымдын Украинага кайтарылышы эл аралык укуктун талабы»,-деди.
Президент Эрдоган Крым платформасынын төртүнчү лидерлер саммитине видео кайрылуу жөнөттү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Крым татар түрктөрүнүн улуттук лидери Мустафа Кырымоглу менен бирге саммиттин уюштурулушуна салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирген Эрдоган, быйылкы саммиттин Крым татар элинин сүргүнгө айдалышынын 80 жылдыгына туура келгенин эске салды.
Мекенинен күч менен чыгарылган Крым татар түрктөрүнүн башынан өткөргөн трагедиянын азабынын 80 жылдан бери басылбаганын, жараларынын айыкпаганын айткан Эрдоган: «Түркия Крымдын аннексияланышына биринчи күндөн бери каршы чыгып, тааныган эмес. Бул аннекция азапты ого бетер тереңдетти. Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана көз карандысыздыгына колдообуз туруктуу. Крымдын Украинага кайтарылышы эл аралык укуктун талабы»,-деди.
Крымдын жергиликтүү элдеринен болгон Крым татар түрктөрүнүн коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыз кылуунун Түркиянын тышкы саясатынын приоритеттеринин арасында экенин баса белгилеген Эрдоган: «Украина өкмөтү тарабынан Крым татар түрктөрүнүн укуктарын күчтөндүрүү үчүн кабыл алынган мыйзамдык жөнгө салууларга дагы бир жолу ыраазы экенимди билдиргим келет. Алдыдагы мезгилде Крым татар түрктөрүнүн укуктарын күчтөндүрүү үчүн кошумча кадамдардын ташталарына ишенем»,-деп айтты.
Крым татар түрктөрүнүн өз мекенинде эркин, коопсуз жана тынч жашоого укугу бар экенине көңүл бурган Эрдоган: «Крым Татар Улуттук Мажилисинин төрага орун басары Нериман Желалдын үч жылга жакын туткундан кийин июнь айында бошотулушу кубандырат. Асан жана Азиз Ахметов бир туугандар баш болгон бардык крымдык татар мекендештерибиздин тез арада эркиндикке чыгышын күтөбүз.
Согуштун Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн, эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын негизинде адилеттүү жана туруктуу тынчтык менен бүтүшүн чын жүрөктөн каалайбыз. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, платформанын алкагында аткарып жаткан иштерибиз Крымда, Украинада жана аймагыбызда тынчтыкты камсыз кылуу боюнча эл аралык аракеттерге салым кошот деп үмүттөнөм. Сүргүнгө айдалышынын 80 жылдыгында бардык маркум крым-татар түрк мекендештерибизди дагы бир жолу таазим кылып эскеремин»,-деди.