Кечели: "Норвегия Түркияга карата коргоо өнөр жайы чектөөлөрүн алып салуу чечимин чыгарды"

Тышкы иштер министри Хакан Фидандын Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

2186108
Кечели: "Норвегия Түркияга карата коргоо өнөр жайы чектөөлөрүн алып салуу чечимин чыгарды"

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели Норвегиянын Түркияга каршы 2019-жылы киргизген коргоо өнөр жайы чектөөлөрүн алып салуу чечимин чыгарганын айтты.

Кечели X баракчасындагы билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдады.

Өнжү Кечели: «Норвегиянын тышкы иштер министри Эйде Норвегиянын Түркияга каршы 2019-жылы киргизген коргоо өнөр жайы чектөөлөрүн алып салууну чечкендерин билдирди»,- деди.

Министр Фидандын бул чечимге ыраазы экенин белгилеген Кечели, мындай чектөөлөрдүн союздаштык рухуна туура келбегенин айтты.



Тектеш кабарлар