Фидан Каирден билдирүү жасады
Министр Фидан Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин 162-жыйынына катышуу үчүн барган Египеттин борбор шаары Каирден кетер алдында билдирүү жасады.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан түрк жараны активист Айшенур Эзги Эйгинин израилдик аскерлер тарабынан өлтүрүлүшү Израилдин тынчтыкты жактагандарды да бутага алганын көрсөткөнүн айтты.
Министр Фидан Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин 162-жыйынына катышуу үчүн барган Египеттин борбор шаары Каирден кетер алдында билдирүү жасады.
6-сентябрда Израиль аскерлери тарабынан шейит кылынган Түрк-Америка жараны Айшенур Эзги Эйгиге токтолгон Фидан, Газада болгондор абийири бар ар кимди терең кайгыга салганын баса белгиледи.
Эйгиге Аллахтын ырайымын тилеген Фидан, Эйгинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу : «Бул окуя Израилдин тынчтыкты жактагандарды да бутага алганын апачык көрсөттү. Албетте, бул өлтүрүүнү мыйзам чегинде байкоону улантабыз. Айшенур карындашыбыздын жана анын кайгыга баткан үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшөм», - деди.
Түрк-Америка жараны Айшенур Эзги Эйги 6-сентябрда басып алынган Батыш Шериадагы Наблус шаарынын Бейта шаарчасында оккупацияга каршы демонстрация учурунда израилдик снайпер тарабынан атылган октун натыйжасында башына ок жеп каза болду.
Тектеш кабарлар
Иорданиянын тышкы иштер министри Анкарага келет
Жолугушууда негизги тема Израилдин аймактагы кол салуулары болмокчу.