Түркия Израилди айыптады

Тышкы иштер министрлиги кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2185516
Түркия Израилди айыптады

Түркия, Израилдин Хан Юнуста жарыялаган гуманитардык аймакта карапайым калкка кыргын салуусун айыптады.    

Тышкы иштер министрлиги кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

"Израилдин Хан Юнуста жайкын тургундар жашаган чатырларга кол салып ондогон палестиналыктарды өлтүрүшүн айыптайбыз»,-деген сөздөр камтылды.

Геноцидчи Нетаньяху өкмөтүнүн жасаган согуш кылмыштарына жаңысын кошконуна көңүл бурулган билдирүүдө: «Бул кылмыштарды жасагандар сөзсүз түрдө эл аралык укук алдында жооп беришет»,- делди.

Билдирүүдө ошондой эле: «Палестиналыктардын адилеттик жана эркиндик жүрүшүндө бирге болуубузду улантабыз»,-деп айтылды.

Израиль армиясынын Газадагы жер которгон адамдардын чатырларына кол салуусунда кеминде 40 киши каза тапкан.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Израилдин согуштук учактары Хан Юнустун батышында «коопсуз» экени айтылган Ел-Меваси аймагында жер которгон элдин чатырларына 3 жолу ракеталык кол салуу жасаган.



Тектеш кабарлар