Түркия-Грузия-Азербайжан коргоо министрлеринин жыйыны
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Батумидеги жыйындын алдында Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Грузиянын коргоо министри Иракли Чиковани менен өз-өзүнчө жолугушту.
Түркия-Грузия-Азербайжан коргоо министрлеринин 11-жыйыны Грузиянын Батуми шаарында өттү.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Батумидеги жыйындын алдында Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Грузиянын коргоо министри Иракли Чиковани менен өз-өзүнчө жолугушту.
Батумиде бир мейманканада өткөрүлгөн Түркия-Грузия-Азербайжан коргоо министрлеринин 11-жыйынынан кийин «үч тараптуу жыйын протоколуна» кол коюлду.
Кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн улуттук коргоо министри Гүлер, Түркия катары Грузия менен Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн колдогондорун белгилеп: «Бүгүн бул жерде урматтуу кесиптештерим менен бирге тарыхы терең жана байланыштары бар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты ар бир тармакта эң жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө эркибизди дагы бир жолу ырастадык. Жолугушууда Азербайжан менен Грузиянын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн күчтүү түрдө колдой турганыбызга басым жасадык»,-деди.
Грузиянын коргоо министри Чиковани да Грузия катары Түштүк Кавказдагы тынчтык жараянын колдогондорун билдирип: «Биздин негизги максатыбыз биргелешкен күч-аракет менен аймактык туруктуулукту сактоо жана учурдагы чыр-чатактардын эл аралык укук принциптеринин алкагында тынчтык жолдор менен чечилишин камсыз кылуу болуп саналат»,- деди.
Чиковани өлкөсүндө бир жумадан кийин түрк, грузин жана азербайжан аскерлеринин катышуусунда «Чексиздик 2024» аттуу биргелешкен машыгуу баштала турганын билдирди.
Азербайжандын коргоо министри Хасанов болсо бул жыйындын үч өлкөнүн ортосундагы стратегиялык диалогдун ачык мисалы болгонун айтты.