Террор менен күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлигинен билдирүү жасалды.
2185485
Сирия жана Ирактын түндүгүндө 13 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды.
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен билдирүү жасалды.
Билдирүүдө «Сүйүктүү мекенибиз үчүн террор жана террористтерге каршы күрөштү бардык күчүбүз менен улантып жатабыз. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында 11 ПКК/ЙПГ террористи менен Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында аныктаган 2 ПКК террористин жок кылды»,- деп айтылды.