Президент Эрдоган ислам өлкөлөрүнө чакырык салды
Эрдоган Израиль өкмөтүнүн басып алуу саясатын биринчи кыбыла Месжид - и Аксаны да камтый тургандай жайылтуу аракетинин абдан ачык экениндигине көңүлдөрдү бурду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган милдети Кудус доосуна ээ чыгуу болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун күн өткөн сайын күчөп бара жаткан Израиль кол салууларына кайдыгер калышынын мүмкүн эмес экендигин белгилеп, уюмдун дагы көп убакыт жоготпостон лидерлер дегээлинде чогулуп жана ислам дүйнөсүнүн чечкиндүү позициясын ортого салышы керектигин айтты.
Эрдоган президенттик кабинеттин жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.
Газада ок атышпоонун түзүлүшү жана жардамдардын тоскоолдуксуз кириши үчүн Египет бийлигинин ортомчулук аракетинде колдоо көрсөткөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Израиль экспансиячыл саясаттарын ылдамдатып жаткан учурда бардык аймактык өлкөлөр катары биз да Газада 12 - айына кирген геноцидге каршы тилектештик линиясын бекемдейбиз. Ислам дүйнөсүнүн дагы чечкиндүү позицияда болушу үчүн аракеттерибизди тездеттик»,- деди.
Эрдоган Израиль өкмөтүнүн басып алуу саясатын биринчи кыбыла Месжид - и Аксаны да камтый тургандай жайылтуу аракетинин абдан ачык экенине көңүл буруп : «Сионисттердин Харем - и Шерифке кысым көрсөтүүлөрү күчөп баратат. Биз булардын баарын кылдаттык менен байкап жатабыз",- деди.