Фидан: «Нетаньяхуну колдоону уланткандар да геноцидге шериктеш»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Египеттин борбор шаары Каирде Араб лигасынын тышкы иштер министрлер кеңешинин 162-жыйынында сөз сүйлөдү.

2185615
Фидан: «Нетаньяхуну колдоону уланткандар да геноцидге шериктеш»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Нетаньяхуну колдоону улантып жаткандар дагы уланып жаткан геноцидге шериктеш. Алар да жооп беришет»,-деди.

Фидан Египеттин борбор шаары Каирде Араб лигасынын тышкы иштер министрлер кеңешинин 162-жыйынында сөз сүйлөдү.

Израилдин Кудстун кимдигин өзгөртүү жана Харам аль-Шарифтеги тарыхый статус-квону бузуу аракетинин ойлонулбай жасалган иш экенин айткан Фидан: «Полициянын коргоосу астында жүздөгөн радикал израилдиктердин Харам аль-Шарифке кол салышы орой чагымчылдык»,-деди.

Фидан министрлердин мындай чагымчылдыктарга аралашуусу Израиль өкмөтүнүн ахлактык кыйроосунун деңгээлин көрсөтүп жатканын баса белгилеп: «Ар бир адам муну билиши керек: Ислам дүйнөсү Харам аль-Шарифтин исламий өзгөчөлүгүн сактап калуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Ушул эле рух менен биз Израилдин аракеттерин токтотуу үчүн эл аралык коомчулукка кысым көрсөтүү үчүн биргелешкен аракетибизди улантабыз»,-деп айтты.

Түркиянын Газа маселесине байланыштуу Эл аралык Адилет Сотунда  Түштүк Африка баштаган козголгон ишке кошулуу декларациясын тапшырганын эске салган Фидан, Газадагы кан төгүүнүн Израилдин мурунку кол салууларынын жазасыз калышынын түздөн түз натыйжасы экенине көңүл бурду.

Тышкы иштер министри Фидан: «Бул жолу башкача болушу керек. Күнөөлүү адамдар эл аралык соттордо  жооп бериши керек. Бир нерсени ачык айтыш керек: Нетаньяхуну колдоону улантып жаткандар дагы уланып жаткан геноцидге шериктеш. Алар да жооп беришет".

Бир тараптан министрликтин X эсебинде жарыяланган билдирүүдө Фидандын Каирде Европа Биримдиги Комиссиясынын төрага орун басары, тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушканы белгиленди.



Тектеш кабарлар