Эрдоган: «Туризмде максаттарыбызга жетебиз»

Эрдоган Президенттиктин кабинет жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

2185338
Эрдоган: «Туризмде максаттарыбызга жетебиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган туризм мезгилинин жакшы өткөнүн, Түркиянын 60 миллион турист максатына жете турганын айтты.

Эрдоган Президенттиктин кабинет жыйынынан кийин элге кайрылуу жасады.

Президент 1-сентябрда ишке кирген Rixos Tersane Стамбул мейманканасынын Стамбулдун туризмине жана таанытылышына чоң салым кошоруна ишенгенин билдирди.

Стамбулга өткөн жылы 17 миллион 370 миң туристтин келгенин, өлкө катары дүйнөнүн төрт бурчунан 56 миллион 700 миң кишини тосуп алганын белгилеген президент Эрдоган: «Быйылкы максатыбыз 60 миллион турист жана 60 миллиард долларлык туризм кирешеси. Жылдын алгачкы 7 айында 35 миллион турист келди. Аймагыбыздагы кагылышууларга карабастан туризм сезону жакшы өтүп жатат. Туризмде 2024-жылга койгон максаттарыбызга жетерибизге ишенебиз»,-деди.  



Тектеш кабарлар