Эрдоган: "Аймакта алга жылып жаткан жалгыз өлкө Түркия"

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү.

2185657
Эрдоган: "Аймакта алга жылып жаткан жалгыз өлкө Түркия"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, олуттуу кризистер болуп жаткан аймакта жайгашкан Түркиянын биримдигин жана ынтымагын сактап, экономика, туризм, коргоо өнөр жайы, тышкы саясат, соода жана коопсуздук тармактарында ийгиликке жеткен жалгыз өлкө экенин айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн облус башчыларынын кеңейтилген жыйналышында сөз сүйлөдү. 

Түркиянын стабилдүү өлкө катары өнүгүүсүн улантып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Буга чейин ар кандай учурларда билдирген элем, бүгүн дагы бир жолу эске салгым келет. Түркия жайгашкан география олуттуу кризистерди башынан өткөрүүдө. Түндүктөгү согуш (Орусия-Украина согушу) 2,5 жылды артка калтырды. Чыгышыбыздагы чыңалуу дагы деле уланууда. Түштүгүбүз ансыз деле чыр-чатактар ​​менен күрөшүп келет. Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Израилдин басып алуу саясаты уланып жатат. Мындай көйгөйлүү кырдаалда ырааттуулугун, биримдигин жана ынтымагын сактап, экономика, туризм, коргоо өнөр жайы, тышкы саясат, соода жана коопсуздук тармактарында алга жылып жаткан жалгыз өлкө Түркия»,-деди.

Эрдоган өндүрүштү, жумуштуулукту жана экспортту дагы да арттыруу үчүн иштей тургандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган: «Биздин күн тартибибизде өлкөбүздү аймагыбыздагы өрттөн коргоо бар. Газада 11 айдан бери уланып жаткан кыргынды токтотуу зарылчылыгы бар. Түндүгүбүздөгү согушка адилеттүү чечим табуу бар. Тышкы саясатта маневр тармагыбызды мүмкүн болушунча кеңейтүүнү каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар