Кечели: "Айшенурдун сөөгү Түркияга алып келинет"
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эйгинин сөөгүн Түркияга алып келүү аракеттеринин уланып жатканын кабарлады.
Түркия, баскынчы Израиль армиясы тарабынан оккупациядагы Батыш Шериада өлтүрүлгөн түрк активист Айшенур Эзги Эйгинин сөөгүн өлкөгө алып келүү үчүн аракеттерин улантууда.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Эйгинин сөөгүн Түркияга алып келүү аракеттеринин уланып жатканын кабарлады.
Палестинадан Иорданияга өтүүчү жолдордун кечээтен (жекшемби) тарта Израиль тарабынан жабылганын айткан Кечели: «Ушул алкакта жараныбыздын үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен сөөктү алып келүүдө кечеңдөөнү болтурбоо үчүн учак менен Түркияга түз алып келүү вариантынын үстүндө иштеп жатабыз. Иш-аракеттердин мүмкүн болушунча тез бүтүшүн камсыздоо үчүн Кудс Башкы консулдугубуз жергиликтүү бийликтер менен байланышып процесске байкоо салууда. Жараныбыздын (АКШдагы) үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөбүзгө келиши үчүн Лос-Анжелестеги Башкы консулдугубуз зарыл болгон координацияны камсыз кылды. Маркумдун жакындарынын өтүнүчү менен сөөгү Айдындын Дидим районуна коюлушу пландалууда»,- деди.
АКШ жарандыгы да бар түрк активист Айшенур Эзги Эйги 6-сентябрда Батыш Шериадагы Наблус шаарында өткөрүлгөн тынчтык митингдерине катышып, израилдик аскерлердин аткан огунун натыйжасында башына ок жеп каза болгон.
Тектеш кабарлар
Улуттук коргоо министрлиги жумалык маалымат жыйынын өткөрдү
УКМ: "Аймакта туруктуулукту сактоо үчүн аскерлерибиз тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө"
Түркия 2023-жылы TIMSS рейтингин жогорулатты
Түркия 1999-жылдан бери катышкан TIMSS изилдөөсүнүн 2023-жылдагы жыйынтыгы жарыяланды.