Измирдин душман баскынчылыгынан бошотулушунун 102 жылдыгы

Түрк армиясы мындан 102 жыл мурда Измирге киргенде колдонгон жолдо «Жеңиш жүрүшү» өткөрүлдү.

2185073
Измирдин душман баскынчылыгынан бошотулушунун 102 жылдыгы
izmir'in kurtulusu3.jpg
izmir'in kurtulusu2.jpg
izmir'in kurtulusu1.jpg
izmir'in kurtulusu.jpg

Измирдин душман баскынчылыгынан бошотулушунун 102 жылдыгы аземдер менен белгиленип жатат.

Түрк армиясы мындан 102 жыл мурда Измирге киргенде колдонгон жолдо «Жеңиш жүрүшү» өткөрүлдү.

Түрк желеги жана Ататүрктүн плакаттары менен жөө баскан жарандар Республика аянтына келишти.

Бул жерде Измир губернатору Сүлейман Элбан, Эгей армиясы жана гарнизон командири генерал Ирфан Өзсерт, шаар мэри Жемил Тугай Ататүрк эстелигине гүлчамбар коюшту. Бир мүнөттүк унчукпай туруу болуп, Мамлекеттик гимн аткарылды.

Аземден кийин Губернаторлук имаратынын алдында атчан бөлүктөрдүн Измирге кириши чагылдырылды.

Ататүрк аянтына келген бөлүккө жарандар кол чаап турушту. Бир саамга унчукпай тургандан кийин Өкмөт үйүнө барган жоокер Түрк желегин көтөрдү.

Республика аянтында уланган иш-чарада бир мүнөттүк унчукпай туруу, андан соң Гимн окулуп, элдик бий көрсөтүүсү менен коштолду.

Майрамдоолор күн бою ар кандай иш-чаралар менен уланат.

Измир 1922-жылы 9-сентябрда душманга акыркы сокку урулган жана Улуу чабуул жеңиш менен аяктаган жер болду. Измирдин боштондукка чыгышы Лозанна тынчтык келишимине алып баруучу толук эгемендикке жол ачып гана тим болбостон Анадолунун боштондукка чыгышынын символу да болуп калды.



Тектеш кабарлар