Билал Эрдоган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында...
Оюндар өтүп жаткан борбор шаар Астанада «Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын дүйнөлүк маданияттагы ролу» аттуу панелде сөз сүйлөгөн Эрдоган, түрк дүйнөсү менен Ислам дүйнөсү интеграциялык түрдө бирге дагы да өсө турганын айтты.
Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын (WEC) президенти Билал Эрдоган Казакстанда өтүп жаткан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундары убагында: «Күчтүү түрк дүйнөсү Ислам дүйнөсү менен кызматташып, Израилдин Газадагы адамзатка каршы кылмыш иштеринин алдын алмак»,-деди.
Оюндар өтүп жаткан борбор шаар Астанада «Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын дүйнөлүк маданияттагы ролу» аттуу панелде сөз сүйлөгөн Эрдоган, түрк дүйнөсү менен Ислам дүйнөсү интеграциялык түрдө бирге дагы да өсө турганын айтты.
Эрдоган түрк дүйнөсүнүн күчтөндүрүлүшүнө чакырып: «Күчтүү түрк дүйнөсү Ислам дүйнөсү менен кызматташып, Израилдин Газада адамзатка каршы кылмыш иштеринин алдын алмак»,-деди.
Эрдоган көчмөндөр оюндары аркылуу түрк дүйнөсүнүн маданий байлыгы сакталып калганын белгиледи.
«Түрк мамлекеттеринин потенциалы абдан чоң»,- деп айткан Эрдоган: «Түрк жаштары түрк дүйнөсүн орток келечекти бөлүшүү идеясы менен орток география катары көрүшү керек»,-деди.
Казакстандын кожоюндугунда 90го жакын мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышкан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ ачылыш аземи менен башталды.
«Дүйнөдөгү салттуу спорттун олимпиадасы» катары эки жылда бир өткөрүлүп келе жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астанада «Улуу дала дүбири» (Улуу талаа жолугушуусу) урааны менен 13-сентябрга чейин уланат.
5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары, салттуу интеллектуалдык оюндар, согуш өнөрү, жаа атуу жана куш агытуу сыяктуу салттуу спорттун 21 түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Астанага 100 миңден ашуун турист келери күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү
Эрдоган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.