Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

Террор менен күрөшүү өлкө ичинде да, чек аранын тышында да чечкиндүүлүк менен уланууда.

2184586
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда

Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГдан 21 террорист жок кылынды.

Террор менен күрөшүү өлкө ичинде да, чек аранын тышында да чечкиндүүлүк менен уланууда.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Сирия жана Ирактын түндүгүндө акыркы мезгилде кол салууга даярданганы аныкталган жалпы 21 террорист жок кылынды.

Билдирүүдө Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы менен Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Зайтун бутагы аймактарында ПКК/ЙПГга мүчө 15 террорист, Ирактын түндүгүндөгү Кандил аймагында 1 ПКК террористи жок кылынды.

Министрликтин башка билдирүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагында аныкталган 5 ПКК террористинин абадан жүргүзүлгөн операция менен жок  кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганы жана террорду булагында жок кылуу үчүн үзгүлтүксүз операциялар жүргүзүлөрү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар