Түркия Айшенур Эзги Эйгинин сөөгүн үй-бүлөсүнө жеткирүү жана жерге берүү аракеттерин улантууда
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө бөлүштү.
Түркия басып алынган Батыш Шериада израилдик аскерлер тарабынан шейит кылынган Айшенур Эзги Эйгинин сөөгүн үй-бүлөсүнө жеткирүү жана жерге берүү аракеттерин улантууда.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, өзүнүн X эсебиндеги билдирүүсүндө: «Батыш шериада Израиль аскерлери тарабынан шейит кылынган жараныбыз Айшенур Эзги Эйгинин сөөгүн үй-бүлөсүнө жеткирүү жана жерге берүү үчүн керектүү иштерди улантуудабыз»,-деди.
Эйгинин Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жашаган үй-бүлө мүчөлөрү жана Түркиядагы туугандары менен байланышта болгондорун белгилеген Кечели, палестиналык бийликтер тарабынан соттук экспертизанын корутундусунун Түркиянын Кудстагы башкы консулдугуна жөнөтүлүшү күтүлүп жатканын айтты.
Кечели : «Кийинки процессте жараныбыздын сөөгүнүн алгач Израилге алып келиниши, андан соң Иордания аркылуу өлкөбүзгө жеткирилиши каралууда»,-деди.
АКШ жарандыгын алган түрк активист Айшенур Эзги Эйги 6-сентябрда басып алынган Батыш Шериадагы Наблус шаарында өткөрүлгөн тынчтык демонстрацияларына катышкан жана израилдик аскерлер тарабынан атылган октун натыйжасында башына ок тийип каза болгон.
Тектеш кабарлар
Түркия Unifilге кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.