Кажыр: «Түркия Европанын эң чоң ак буюм өндүрүүчүсү»

Министр Кажыр Испартадагы ишкананын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө жылдык изилдөө-өнүктүрүү (Ar-Ge) чыгымдарын 1,2 миллиард доллардан 12 миллиард долларга чейин жогорулаткандарын айтты.

2184558
Кажыр: «Түркия Европанын эң чоң ак буюм өндүрүүчүсү»

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркия Европанын эң чоң ак буюм өндүрүүчүсү экенин айтты.

Министр Кажыр Испартадагы ишкананын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө жылдык изилдөө-өнүктүрүү (Ar-Ge) чыгымдарын 1,2 миллиард доллардан 12 миллиард долларга чейин жогорулаткандарын айтты.

Кажыр: «Өнөр жайда иштегендердин саны 3 миллион 900 миңден 6 миллион 700 миңге жетти. Саны 191ден 360ка жеткен уюшкан өнөр жай аймактары жана биз курган 45 өнөр жай аймагы Түркиянын өндүрүш базасы болду»,- деди.

Автоунаа өндүрүшүнүн жылдык 357 миңден 1,5 миллионго өскөнүн белгилеген Кажыр сөзүн улантып: «Түркия Европанын үчүнчү эң чоң унаа өндүрүүчүсү болду.  Ак буюм өндүрүү жылдык 6,7 миллион даанадан 32,3 миллион даанага өстү. Түркия Европанын эң чоң, дүйнөнүн экинчи чоң ак буюм өндүрүүчүсүнө айланды. Биз TOGG менен улутубуздун 60 жылдык ата мекендик жана улуттук автомобиль кыялын ишке ашырдык. Өз аймагындагы ишеним жана туруктуулуктун дареги болгон өлкөбүз глобалдык жана аймактык чакырыктарга карабастан инвестиция, жумуштуулук, өндүрүш, ойлоп табуу жана экспорт жолу менен өнүгүү жолунда бекем кадамдарды таштоодо»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар