Хакан Фидан Косоводогу түрктөрдүн Косовонун бир бөлүгү экендигин айтты
Косоводогу Мамуша муниципалитетинин бакчасында тектештер менен жолугушкан Хакан Фидан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө мамушалыктардын өзгөчө тил, маданият жана ишенимди сактоодогу сезимталдык жана тырышчаактыгына басым жасады.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын Косовонун биримдигине, бүтүндүгүнө, коопсуздугуна, тынчтыгына жана өнүгүүсүнө чоң маани бергенин айтты.
Косоводогу Мамуша муниципалитетинин бакчасында тектештер менен жолугушкан Хакан Фидан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө мамушалыктардын өзгөчө тил, маданият жана ишенимди сактоодогу сезимталдык жана тырышчаактыгына басым жасады.
Фидан Косоводогу түрктөрдүн Косовонун бир бөлүгү экенин айтып : "Сиздер бул жердеги албан, босниялык боордошторубуз жана башка бир туугандарыбыз менен тынчтык жана бейпилдик ичинде жашап жатасыздар. Түркия катары биз Косовонун биримдигине, бүтүндүгүнө, коопсуздугуна, тынчтыгына жана өсүшүнө чоң маани беребиз. Билесиздер, Косовону эгемендик алган биринчи күндөн бери колдоп келе жаткан өлкө Түркия»,-деди.
Косовону бардык эл аралык жана дипломатиялык чөйрөдө колдогондорун белгилеген Фидан; инвестиция, туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана технология сыяктуу бир топ тармакта кызматташтыкты эң жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн аракет кылгандарын белгиледи.
Тышкы иштер министри Фидан Косоводо курулган мамлекеттин көз карандысыз, заманбап бир мамлекетке ээ болушу үчүн мүмкүнчүлүк, жөндөмдүүлүк жана инфраструктура менен жарандарына кызмат кылуу үчүн Түркиянын колунан келгендин баарын жасап жаткандыгын айтты.
Эл аралык коомчулук жана аймактык уюмдар тарабынан алдыга коюлган бардык тынчтык жана сүйлөшүү аракеттерин толук колдогондорун белгилеген Фидан : «Аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун уланышы баарыбыздын кызыкчылыгыбызга»,-деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Unifilге кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.