Эрдоган Эйгинин каза болушуна каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Батыш Шериадагы оккупацияга  каршы жарандык митингге "жапайычылык кийлигишүүсүн" наалаттагандыгын билдирди.

2184353
Эрдоган Эйгинин каза болушуна каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Батыш Шериадагы оккупацияга  каршы жарандык митингге "жапайычылык кийлигишүүсүн" наалаттагандыгын билдирди.

Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө : "Израилдин Батыш Шериадагы оккупацияга каршылык көрсөтүлгөн митингге карата жапайычылык кийлигишүүнү наалаттап, кол салууда каза болгон жараныбыз Айшенур Эзги Эйгиге Аллахтын ырайымын  тилеймин",- деди. 

Эрдоган билдирүүсүндө буларды айтты : "Түркия катары Израилдин бир жылга жакын убакыттан бери улантылып жаткан, бала  - чака, кары  - жаш дебестен 41 миң кишини өлтүргөн бул оккупация жана кыргын саясатынын акырына чыгышы жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылышы үчүн ар платформада аракет кылууну улантабыз".

Израиль аскерлеринин Батыш Шериада оккупацияга каршы митингде чыныгы ок менен аткан Америка жарандыгы да бар Айшенур Эзги Эйги аттуу түрк активист каза болду. 

 

 



Тектеш кабарлар