Түркия Нетаньяхунун Египетке карата дооматтарына каршылык көрсөттү

Түркия Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Филадельфи коридорунда Израилдин аскеринин болушун улантуу максатында  Египетке каршы дооматтарды "кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

2183320
Түркия Нетаньяхунун Египетке карата дооматтарына каршылык көрсөттү

Түркия Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяхунун Филадельфи коридорунда Израилдин аскерлеринин болушун улантуу максатында  Египетке каршы дооматтарды "кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин премьер - министри Нетаньяхунун «Газада кылган кылмыштарын жаап - жашыруу жана ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн бир жыйынтыкка жетишине тоскоол болуу" үчүн коомчулукту манипуляциялоого карата калптарын улантып жатканы белгиленди. 

Билдирүүдө : «Нетаньяхунун Филадельфи коридорунда Израиль аскерлеринин болушун улантуу максатында Египет Араб Республикасына каршы акыркы дооматтары кабыл алынгыс»,-деп айтылды. 

Өзгөчө билдирүүдө Египеттин Газадагы согушту токтотуу жана миллиондогон палестиналыктарга жардам колун сунуу багытындагы ортиомчулук аракеттеринин колдоого алынганы белгиленди.

 Израилдин премьер - министри Нетаньяху 2 - сентябрдагы маалымат жыйынында Газадагы согуштун максаттарына жетиши Филадельфи коридору аркылуу өткөнүн айтып, өлкөсүнүн ал жерден чыкпай тургандыгын жарыялады.

Нетаньяху : «Газа тилкеси менен Египет чек арасында жайгашкан Филадельфи коридорунан чыгаарыбыз менен курал - жарактардын, согуштук материалдардын, ракета өндүрүшү үчүн керектүү жабдуулардын жана туннелдерди казуучу транспорттордун массалык түрдө киришине эч кандай тоскоолдук болбойт",- деп билдирген.

«(Филадельфи коридорунда) Эч кандай тоскоолдук болбогондуктан Газанын Израиль үчүн чоң коркунучка айлангандыгын» айткан Нетаньяху Газадагы согуш мүмкүнчүлүктөрүнүн Ирандын көзөмөлү, каржылоосу жана жол көрсөтүүсү астында болгонун айтты.

Египеттин тышкы иштер министрлиги израилдик жетекчилердин Филадельфи коридоруна байланыштуу  бардык дооматтарын четке каккандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар