ТРТнын Газадагы окуяларды жарыялоосу

Министр Кажыр Стамбулда өткөрүлгөн 32- Балкан маалымат агенттиктеринин ассоциациясы-Түштүк-Чыгыш Европа (ABNA-SE) Башкы Ассамблеясы жана конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

2183351
ТРТнын Газадагы окуяларды жарыялоосу

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT) жана Анадолу агенттигинин (AA) эр жүрөк журналисттери менен Газадагы коркунучтуу окуяларды бүткүл дүйнөгө жарыялаганын айтты.

Министр Кажыр Стамбулда өткөрүлгөн 32- Балкан маалымат агенттиктеринин ассоциациясы-Түштүк-Чыгыш Европа (ABNA-SE) Башкы Ассамблеясы жана конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Кажыр, так жана туура кабарлардын Түркиядагы 85 миллион адамга гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү аудиторияга да жетүүсүн камсыз кылуунун, принциптүү журналистикага берилгендикке ылайык ахлахтык милдет экенин айтты.

Израилдин Палестинада жасаган кысымынын, технологиялык күчтүн ахлактык принциптерден ажыратылганда адамзатты кантип үзгүлтүксүз кыйроого алып келерин ачык көрсөткөнүн билдирген Кажыр, бирок Түркиянын бул темада кыраакылыгын улантып жатканын маалымдады.

Кажыр: «Медиа мекемелерибиз Газадагы мыкаачылыктын биринчи күнүнөн бери жапа чеккен палестиналыктардын үнү болду. Анадолу агенттиги жана ТРТ эр жүрөк журналисттери менен Газадагы коркунучтуу окуяларды дүйнөгө жарыя кылды. Улуттук жана жергиликтүү медиабыз Палестинадагы зулум темасын кабарларга чагылдырды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар