Эрдоган менен Египеттин президенти билгелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестина маселесинде орток позицияны карманган Түркия менен Египеттин аймактык тынчтык жана ырааттуулукка кошкон салымдарынын өтө маанилүү экенин айтты.

2183380
Эрдоган менен  Египеттин президенти билгелешкен маалымат жыйын өткөрдү
erdogan-sisi-1.jpg
Erdoğan Sisi Türkiye Mısır.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестина маселесинде орток позицияны карманган Түркия менен Египеттин аймактык тынчтык жана ырааттуулукка кошкон салымдарынын өтө маанилүү экенин айтты.

Президент Эрдоган, Түркияга алгачкы расмий сапарын жасаган Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисини Бештепеде расмий азем менен тосуп алды.

Жекеме-жеке жолугушуудан кийин эки президент Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына төрагалык кылышты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган жолугушууларда Түркия менен Египеттин ортосундагы өнөр жай, соода, коргонуу, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрө жана энергетика сыяктуу бардык тармактарда кызматташууну алдыга жылдыруу эрктерин ырасташкандарын айтты.

Эрдоган алдыбыздагы беш жылда соода көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүү максатына чечкиндүү кадам таштагандарын айтты.

Түркия менен Египеттин аймактык тынчтык жана ырааттуулукка кошкон салымынын абдан маанилүү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия менен Египеттин Палестина маселесинде орток позициясы бар; 11 айдан бери уланып жаткан геноцидди токтотуу, тез арада туруктуу ок атышпоо жана гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз агымы биздин приоритетибиз бойдон калууда»,-деди.

Израиль башкаруучулугунун миңдеген тонна бомба таштоо менен сындыра албаган каршылык көрсөтүү чечкиндүүлүгүн Палестина элин ачкачылыкка жана суусуздукка түртүү менен бузууга аракет кылганын белгилеген президент Эрдоган, ачарчылыктан, суусуздуктан же дары-дармектин жетишсиздигинен улам болгон ар бир бейкүнөө өлүмгө Израиль жана анын колдоочулары жооптуу экенин баса белгилеп: «41 миң бейкүнөө адамды өлтүргөндөрдүн орду парламенттин трибуналары эмес, алар жасаган кылмыштары үчүн жооп берген сот залдары»,-деп айтты.

Египеттин Катар жана АКШ менен бирге сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылганын эске салган Эрдоган, Түркиянын да Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук чалгындоо уюму аркылуу бул процесске колдоо көрсөткөнүн айтты.

Израиль тараптын келишпес жана тоскоол мамилесинин дагы эле уланып жатканын белгилеген Эрдоган, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Египетке карата айыптоолорун четке каккандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар