Памуккалеге келген саякатчылардын саны өсүүдө

Памуккале 2023-жылдын январь-август айларында 1 миллион 512 миң туристти кабыл алды. Быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 12 пайызга өсүп, 1 миллион 700 миңге жетти.

2182921
Памуккалеге келген саякатчылардын саны өсүүдө
Pamukkale Kleopatra Havuzu.jpg
pamukkale.jpg

Түркиянын маанилүү туризм борбору болгон Памуккалеге жылдын 8 айында 1 миллион 700 миң турист келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген жана ак травертиндери, Хиераполис байыркы шаары жана Клеопатра бассейни менен саякатчыларга кайталангыс тажрыйба тартуулаган Памуккале урандылары дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтерди тартууну улантууда...

Түнкү музей менен саякатчылардын саны көбөйгөн урандыларга келгендер травертиндерди, шыпаалуу термалдык сууларды жана байыркы шаарларды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жайы-кышы 36 градус ысык болгон байыркы шаардын байыркы бассейнинде туристтер сууга түшүүдөн рахат алышат.

Памуккале 2023-жылдын январь-август айларында 1 миллион 512 миң туристти кабыл алды. Быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 12 пайызга өсүп, 1 миллион 700 миңге жетти.



Тектеш кабарлар