Хүйүк кулпунайы Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүч каттоосунан өттү
Хүйүк кулпунайы Европа Биримдигинде тастыкталган 25 - продукт болду.
Хүйүк кулпунайы Европа Биримдигинде тастыкталган 25 - продукт болду.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө Коньянын Хүйүк районунда өскөн, өзүнө таандык даамы жана жыты менен белгилүү кулпунайдын географиялык каттоодон өткөн продуктылардын арасына киргендигин жарыялады.
Кажыр : «Хүйүк кулпунайы Европа Биримдигине катталган 25 - географиялык көрсөткүчүбүз болду. Коньяга жана өлкөбүзгө пайдалуу болсун»,-деди.
Эл аралык географиялык көрсөткүч мобилизациясына көңүлдөрдү бурган министр Кажыр Анадолунун уникалдуу даамдарын жана баалуулуктарын дүйнөгө таанытууну уланта тургандарын айтты.
Билдирүүдө Хүйүк кулпунайы да болгон географиялык жактан көрсөтүлгөн 25 продукты төмөнкүчө тизмеленди : «Газиантеп бакалавасы, Айдын анжири, Малатия өрүгү, Айдын каштаны, Милас зайтун майы, Байрамич шабдалысы, Ташкөпрү сарымсагы, Гиресун фундугу, Антакия кунефеси, Суруч анары, Чаглаянжерит жаңгагы, Гемлик зайтуну, Эдремит зайтун майы, Милас майлуу зайтуну, Аяш помидору, Мараш тарханасы, Эдремит булуңунун жашыл зайтуну, Эзине быштагы, Сафранболу шафраны, Айдын мемежик зайтун майы, Арабан сарымсагы, Османие жер жаңгагы, Бингөл балы, Бурса шабдаалысы, Хүйүк кулпунай».
Тектеш кабарлар
Эрдоган Палестинанын келечеги конференциясында сөз сүйлөдү
Эрдоган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин талыкпай күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.