Миниср Йерликая террорго каршы «Гүрз-12» операциясы жүргүзүлгөнүн билдирди

Али Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө коопсуздук күчтөрүнүн Шырнактын Жуди тоосунун элет жеринде «Гүрз-12» операциясын жүргүзгөнүн айтты.

2182161
Миниср Йерликая террорго каршы «Гүрз-12» операциясы жүргүзүлгөнүн билдирди

Ички иштер министри Али Йерликая Шырнактын Жуди тоосунун элет жеринде жикчил террордук уюм ПККга карай операцияда уюм тарабынан ок-дары кампасы катары колдонулган үңкүрдүн талкаланганын билдирди.

Али Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө коопсуздук күчтөрүнүн Шырнактын Жуди тоосунун элет жеринде «Гүрз-12» операциясын жүргүзгөнүн айтты.

Министр Йерликая операцияда террористтер тарабынан ок-дары сактоочу жай катары колдонулган үңкүр аныкталып, көп сандаган жардыруучу зат, курал-жарак жана тиричилик материалдары колго түшүрүлүп, үңкүр талкаланганын белгиледи.

Йерликая бөлүшүүсүндө төмөнкү билдирүүлөрдү да кошкон: «Террордук уюм тарабынан логистикалык максатта колдонуу жана кыймыл-аракеттерди жүргүзүү үчүн даярдалган ороолор аныкталып, талкаланды. Урматтуу элибиздин биз жылына 365 күн, 4 мезгил, 12 ай, күнү-түнү шаарда да, элетте да операция жүргүзүп жатканыбызды билишин каалайм. Акыркы террорист жок кылынганга чейин террорго каршы күрөшүбүз чечкиндүүлүк менен уланат. Операцияларды жүргүзгөн баатыр жандармериябызды куттуктайм»,-деди.тт



Тектеш кабарлар