Эрдоган: «Түркия жаңы, камтыган жана либералдуу конституцияга даяр»
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Жогорку Соттун төрагалыгына караштуу 2024-2025-Сот жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын карапайым калк тарабынан жасала турган жаңы, камтыган жана либералдуу конституцияга даяр экенин айтты.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Жогорку Соттун төрагалыгына караштуу 2024-2025-Сот жылынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Адамдарды борборго коюп, тез жана эффективдүү иштеген системаны куруу адилеттүүлүк саясатыбыздын эң маанилүү максаты»,- деди.
Түркия кылымынын сот көз карашын мыйзамдын үстөмдүгүнө негизделген, ыкчам, ишенимдүү жана алдын ала айтууга боло турган адилеттүүлүк системасы катары аныкташкандарын белгилеген Эрдоган, Түркия кылымын адилеттиктин да кылымы кылуу максатын жаңы жарандык конституция менен туу чокуга жеткирүүнү каалашкандарын баса белгиледи.
Эрдоган бул процессти акыл-эс менен башкарууну, коомдун ар түрдүү катмарларынын салымын мүмкүн болушунча кеңири консенсус менен кабыл алууну каалагандарын айтты.
«Чындыгында Түркия карапайым калк тарабынан жасала турган жаңы, камтыган жана либералдуу конституцияга даяр»,-деген Президент, жаңы конституция маселесиндеги эң чоң тоскоолдуктун алдын ала жаман ойлуу көз караштар экенин белгилеп, оппозицияны «Конституцияны карапайым жарандарга келгенде үйрөнгөн алсыздык абалын баштан кечирип жатышат» деген сөздөр менен сындады.
Эрдоган жаңы мыйзам чыгаруу жылында (1-октябрда баштала турган) саясий партиялар ортосундагы диалогдун негизин бекемдөө менен бул көйгөйдү жеңе тургандарына ишенгенин айтты.