Эрдоган: «УУAларда жетишилген ылдамдык бүткүл дүйнөдө суктануу менен байкалууда»

Эрдоган кечээ Стамбул Бакыркөйдө Улуттук коргоо университетинин (MSÜ) Аба күчтөрү академиясынын Дипломун алуу жана туу тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолду.

2181892
Эрдоган: «УУAларда жетишилген ылдамдык бүткүл дүйнөдө суктануу менен байкалууда»

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Биздин учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) боюнча жетишилген ийгилигибизди дос жана боордош элдер гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү суктануу менен байкап жатышат»,-деди.

Эрдоган кечээ Стамбул Бакыркөйдө Улуттук коргоо университетинин (MSÜ) Аба күчтөрү академиясынын Дипломун алуу жана туу тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолуп:«15-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен 40 күн өткөндөн кийин дароо «Евфрат калканы» операциясын ишке ашыруу менен мамлекетибиздин мүдүрүлүшүн, алсыроосун жана солгундап кетишин күткөндөргө абдан маанилүү белгилерди бердик. Андан соң «Зайтун бутагы», «Тынчтык булагы» жана «Жаз калканы» операциялары менен Сириянын түндүгүндө жайгашкан террордук уюмдарга өлүмчүл соккуларды урдук. Биз бул соккуну Габарда, биз бул соккуну Тендүректе, биз бул соккуну Бестлер Дересинде урдук жана террордук уюмдар качууга жер издеп жатышат, бирок таба алышпайт»,-деди.

Президент Эрдоган: «Учкучсуз учуучу аппараттар боюнча жетишилген ылдамдыкты дос жана боордош элдер гана эмес, бүткүл дүйнө суктануу менен байкап келет. Маалым болгондой, биз бул жаатта дүйнөдөгү алдыңкы үч-төрт өлкөнүн бирибиз»,-деди.

Түрк фирмалары чыгарган түрк учкучсуз учуучу аппараттары Европадан Азияга, Африкадан Жакынкы Чыгышка чейин 50дөн ашуун өлкөдө колдонулуп жатканын эске салган президент Эрдоган сөзүн улап: «Сыноолору уланып жаткан Кызылелма жана АНКА-3түн ишке кириши менен биз эми бул тармакта жаңы лиганын оюнчусу болобуз. Биздин улуттук согуштук учак KAAN баарыбызды толкунданткан долбоорлордун бири. Биз 5-муундагы согуштук учактарыбызды өнүктүрүп жатканда, аны менен бир эле учурда F-16ны модернизациялоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Террор менен күрөшүүдө АТАК тик учактарыбызды абдан эффективдүү колдонуудабыз. Көп максаттуу GÖKBEY тик учагыбыз жана HÜRJET машыгуу учагыбыз менен маанилүү бир муктаждыкты канааттандырабыз. Көптөгөн системаларыбыз, өзгөчө HÜRJET жана GÖKBEY ЭФЕС-2024 машыгуусуна биринчи жолу катышты.

Буюрса, системалар системасы катары өнүктүрө турган «Болот купол» долбоорубузду бардык элементтери менен ишке ашырабыз. Бирөөлөрдүн «Темир куполу» болсо, бизде да «Болот купол» болот. «Болот купол» биздин көп катмарлуу абадан коргонуу системаларыбызды жана бардык сенсорлорубуз менен куралдарыбыздын бири-бири менен интеграцияланып иштешин камсыздайт»,-деп сыймыктануу менен айтты.



Тектеш кабарлар