Эрдоган Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы менен сүйлөштү
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Израилдин Палестина жерлеринде жасаган геноцид жана аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
2182012
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Израилдин Палестина жерлеринде кылган геноцид, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.
Президент Эрдоган жолугушууда Израилдин Палестина жерлеринде, өзгөчө Газада адамзатка каршы кылмыштарына каршы эл аралык коомчулуктун Израилге кысымын арттыруунун маанисин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Израилдин кол салууларынын жана адам укуктарынын бузулушунун токтотулушу жана туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү керектигин белгилеп, бул темада ислам өлкөлөрүнүн биргелешип аракет кылышынын маанисине токтолду.