Эрдоган: «Ийгилигибиз досторубузга ишенимди, жаман көздөргө коркуу сезимин жаратууда»

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган «30-Август Жеңиш майрамына арналган атайын концерт» программасында сөз сүйлөдү.

2181760
Эрдоган: «Ийгилигибиз досторубузга ишенимди, жаман көздөргө коркуу сезимин жаратууда»

Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Акыркы 22 жылда коргонуу өнөр жайында жетишкен ийгиликтерибиз досторубузга ишенимди, жаман көздөргө коркуу сезимин жаратууда»,-деди. 

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте уюштурулган «30-Август Жеңиш майрамына арналган атайын концерт» программасында сөз сүйлөп: «Улут катары максаттарыбызга көңүл бурабыз»,- деп айтып, биримдик жана ынтымак билдирүүсүн берди.

Президент Эрдоган: «Улуу Жеңиштен алган шыктануу жана кайрат менен өлкөбүздү жаркын, бакубат келечекке алып баруу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Акыркы 22 жылда коргоо өнөр жайында жетишкен ийгиликтерибиз өлкөбүзгө жана досторубузга ишенимди, ал эми жаман көздөргө коркуу жаратууда»,-деп айтты.

TCG Анадолу дүйнөнүн биринчи учкучсуз учуучу аппарат конуучу кемеси экенин айткан Эрдоган:"Азыр анын чоңураак учак конуучу кемеси үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Биз аны тез арада армиябыздын катарына кошобуз деп үмүттөнөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган, согуш адабиятына кирген учкучсуз учуучу аппараттар,КААН, ХҮРЖЕТ, ХҮРКҮШ, АТАК, ГӨКБЕЙ, «көгүлтүр мекендин сакчылары» фрегаттар жана суу астындагы кайыктар, «Фыртына» гаубицалары, «Алтай» танкы, ракеталар, абадан коргонуу жана
көптөгөн коргонуу мүмкүнчүлүктөрү менен толук көз карандысыз Түркия идеалы үчүн бекем кадамдарды таштагандарын баса белгиледи.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган террор менен күрөшүүдө кымындай да алсыздык көрсөтүлбөй турганын баса белгиледи.
Президент Эрдоган, Улуттук Коргоо университетинин Аскердик академиясынын Диплом алуу жана желек тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө:«Эгер биз бул террористтерди көмгөн болсок, аларды да ошондой чечкиндүүлүк менен көмүүнү улантабыз»,-деди.
Президент өз сөзүндө Палестинага берилген колдоонун Түркия үчүн маанилүү экенин да баса белгиледи.
«Кимде ким «Кудустан бизге эмне?» десе, ал бул улуттун тарыхын билбейт дегенди билдирет»,-деп айткан Эрдоган:«Биз менен палестиналык бир туугандарыбыздын ортосуна эч ким дубал кура албайт»,-деп түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар