30-Август Жеңиш майрамы чет өлкөлөрдө да белгиленди

30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн майрамы көптөгөн чет өлкөлөрдө шыктануу жана сыймыктануу менен белгиленди. Алардан айрымдары...

2181749
30-Август Жеңиш майрамы чет өлкөлөрдө да белгиленди

30-Август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн майрамы көптөгөн чет өлкөлөрдө шыктануу жана сыймыктануу менен белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы аземдердин дареги борбор шаар Левкоша болду.

Аземге президент Эрсин Татар, парламент төрагасы Зорлу Төрө, премьер-министр Үнал Үстел, Түркиянын Левкошадагы элчиси Ясин Экрем Серим жана көптөгөн коноктор катышты.

Доктор Фазыл Күчүк бульварында расмий парад өттү.

Азербайжанда борбор шаар Бакудагы Түрк шейиттер көрүстөнүндө 30-Август Жеңиш майрамы белгиленди.

Азем бир мүнөттүк унчукпай туруу менен башталып, шейиттердин эстелигине гүлчамбар коюлду.

Австриядагы Вена элчилигинде майрамдык программа бир мүнөттүк унчукпай туруу жана Улуттук гимндин окулушу менен башталды.

30-Август Жеңиш күнүнө карата видеороликтер көрүлүп, сөз сүйлөп, шейиттерге дуба окулду.

Жеңиш күнүнө карата Босния-Герцеговина жана Египетте да программалар уюштурулду.

Каир элчилиги уюштурган кабыл алууга көптөгөн өлкөлөрдөн келген элчилер жана коноктор катышты.



Тектеш кабарлар