Йылмаз ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында кайрылуу жасады

Йылмаз Камерундун борбор шаары Яундеде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 50-Башкы Ассамблеясы жана ИКУнун Жамму-Кашмир байланыш тобунун жыйналышында катышуучуларга кайрылуу жасады.

2181602
Йылмаз ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында кайрылуу жасады
nuh yilmaz iit toplantisi.jpg
nuh yilmaz iit toplantisi.jpg
nuh yilmaz.jpg
nuh yilmaz.jpg

Тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн Газа тилкесинде басылып алынган Палестина аймактарында уланткан кыргындар жана адам укуктарын бузуулары үчүн жооп бериши керектигин айтты.

Йылмаз Камерундун борбор шаары Яундеде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 50-Башкы Ассамблеясы жана ИКУнун Жамму-Кашмир байланыш тобунун жыйналышында катышуучуларга кайрылуу жасады.

Жыйындын Месжид-и Аксага карата провокациялар күчөгөн бир убакта өткөрүлгөндүгүн белгилеген Йылмаз ИКУнун ыйык жерлерди кол салуулардан коргоо үчүн түзүлгөнүн эске салып, уюмдун түзүлүшү жана бар болуу себебин ар дайым эстеп жүрүшү керектигин айтты.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын 15-августта Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (TBMM) сүйлөгөн сөзүнө токтолгон Йылмаз: «Президент Аббастын Түркия Улуу Улуттук Жыйынына кайрылуусунда биздин жашообуз Газадагы балдардын жашоосунан баалуу эмес экенин баса белгилегени маанилүү болду. Бул баарыбыз үчүн коңгуроо болушу керек»,-деп айтты.

Кипр Түрктөрү жана Батыш Фракия Түрк азчылыгы тууралуу да баа берген Йылмаз, мусулман Кипр түрк калкынын ондогон жылдар бою аларга жасалган адилетсиз жана адамкерчиликсиз изоляциянын азабын тартып жатканын белгилеп, мусулман бир туугандарын Кипр түрк элинин табигый укуктарын ырастоого жана алар менен түздөн-түз байланыш түзүүгө чакырды.

Йылмаз : «ИКУ Батыш Фракиядагы түрк азчылыгы жана Он эки аралдарындагы Түрк коомчулугу менен тилектештик көрсөтүшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар