Фидан :«Тилекке каршы Израиль Газадагы системалуу зулумдукту Батыш Шериага алып барды»

Министр Фидан Словениянын борбор шаары Люблянада Словениянын тышкы иштер министри Таня Фажон менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2181679
Фидан :«Тилекке каршы Израиль Газадагы системалуу зулумдукту Батыш Шериага алып барды»

Тышкы иштер министри Хакан Фидан : «Тилекке каршы Израиль Газада системалуу түрдө жасалган мыкаачылыкты Батыш Шериага алып барды»,-деди.

Министр Фидан Словениянын борбор шаары Люблянада Словениянын тышкы иштер министри Таня Фажон менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Газада 2023-жылдын 7-октябрынан бери «геноцид» болуп жатканын белгилеген Фидан Израилдин Газадагы элди системалуу түрдө ачка жана суусуз калтырганын белгиледи.

Фидан Израилдин ооруканаларды, мечиттерди, мектептерди жана чиркөөлөрдү бомбалоо менен бардык адамдык баалуулуктарды тебелегенин белгиледи.

Кудс жана Месжид-и Аксанын тарыхый статусун өзгөртүүгө багытталган провокацияларга үн катпай коюунун мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Фидан : «Тилекке каршы Израил Газада жасалган системалуу зулумдукту Батыш Шериага алып барды»,-деди.

Израилдин согушту түрдүү фронтко жайылтууга аракет кылганын айткан Фидан аймактагы чыңалуу эң жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

Министр Фидан : «Нетаньяхунун өкмөтү от менен ойноону улантууда. Креслосун сактап калуу үчүн бүт аймактын келечегин коркунучка салууда. Газа темасында унчукпаган ар бир адам, өзгөчө Израилди эч кандай шартсыз колдогондор күнөөлүү. Израилдин жапайычылыгына чекит коюлушу керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар