Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамына байланыштуу кайрылуусун жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түрк кылымы максаттарыбызга карай чечкиндүү кадам таштоо менен улуу жана күчтүү Түркия идеалыбызды да кадам сайын ишке ашыруудабыз»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түрк кылымы максаттарыбызга карай чечкиндүү кадам таштоо менен улуу жана күчтүү Түркия идеалыбызды да кадам сайын ишке ашыруудабыз»,-деди.
Президент Эрдоган 30-Август Жеңиш майрамына байланыштуу кайрылуусун жарыялады.
Эрдоган билдирүүсүндө: «Бүгүн биз Улуу Жеңиштин 102 жылдыгын шыктануу, толкундануу жана сыймыктануу менен бирге белгилеп жатабыз. Тарыхыбыздын эң маанилүү босоголорунун бири болгон бул маанилүү күндө сүйүктүү улутубузду, кипрдик түрк боордошторубузду жана дүйнө жүзүндөгү миллиондогон атуулдарды 30-Август Жеңиш майрамы менен куттуктайм»,-деди.
Эрдоган: «Гази Мустафа Кемал Ататүрк «Түрк улутунун эркиндик жана эгемендүүлүк идеясынын өлбөс эстелиги» деп мүнөздөгөн Улуу Жеңиш улутубуздун Анадолу жерлеринде бар экенин түбөлүккө каттатты. 30-августтагы Башкы командирлик майдан согушу менен баскынчы күчтөр кескин жеңилүүгө учуратылды, империализмдин огу талкаланды жана Республиканы жарыялоонун эшиктери кенен ачылды»,-деп айтты.
Улуу Жеңиштин бүгүнкү күндө дагы аларга жол көрсөтүп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Түрк кылымы максаттарыбызга карай чечкиндүү кадам таштоо менен улуу жана күчтүү Түркия идеалыбызды да кадам сайын ишке ашыруудабыз»,-деди.
Дүйнөнүн ар башка географияларында, өзгөчө Газада уланып жаткан кагылышууларды, зулумдуктарды жана кыргындарды токтотуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Эзилген элдерди Эгемендүүлүк согушу менен шыктандырган Түркия, ошондой эле тынчтык, адилеттик жана бейпилдик өкүм сүргөн дүйнөнүн да кожоюну болот»,-деп айтты.