Фидан Европа Биримдигинин (ЕБ) жыйналышына бүгүн катышат
Түркиянын карым-катнаштарды жандандыруу чакырыгына Европадан жооп берилди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдигинин (ЕБ) жыйналышына катышат.
Түркиянын карым-катнаштарды жандандыруу чакырыгына Европадан жооп берилди.
Түркия 5 жылдан кийин Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынына чакырылды.
Бүгүн Бельгиянын борбору Брюсселде боло турган жолугушууда эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылат.
Фидан европалык кесиптештерине аймактык жана глобалдык коркунучтарга каршы Түркия-Европа Биримдиги кызматташтыгынын маанисин түшүндүрөт.
Ал маектештерине мамилелерди чыңдоого жана конкреттүү кадамдарга барууга эрк бар деген үмүтүн айтат.
Министр Фидан Бажы биримдигин учурдун талабына ылайык модернизациялоо боюнча Түркиянын приоритеттерин эске салат.
Ошондой эле, Фидан; виза менен байланышкан маселелерди чечүүнүн ЕБ менен Түркиянын ортосундагы соода, маданий, академиялык жана гуманитардык байланыштарды сактоонун маанисин баса белгилейт.
Түркиянын Кипр боюнча ачык позициясын дагы бир жолу ЕБ тарапка жеткирет.
Фидан жолугушуунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.
Хакан Фидан Грециянын тышкы иштер министри Гиоргос Герапетритис менен жолугуусунан кийин Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес менен да жолукту.
Фидандын Бельгиянын жана Словакиянын тышкы иштер министрлери менен да жолугушуусу күтүлүүдө.
Дипломатиялык булактар, Европа Биримдигинин 5 жылдык тыныгуудан кийин Түркияга жасаган чакыруусун Түркия менен карым-катнаштарды кайра жандандыруу чакырыктарына карата диалог издөө катары баалоодо.