Түркиянын израилдик министрге каршы чыгуусу
Тышкы иштер министрлиги Израилдин ашынган оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага синагога куруу жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Түркия Израилдин ашынган оңчул улуттук коопсуздук министри Бен Гвирдин билдирүүлөрү ислам дүйнөсүндө нааразылык жаратканын билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Израилдин ашынган оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Месжид-и Аксага синагога куруу жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө : «Израилдин Улуттук коопсуздук министри Гвирдин Месжид-и Аксада синагога курууга байланыштуу билдирүүлөрү Израилдин Кудстагы ыйык жерлердин, Кудстун статусун жана өздүгүн өзгөртүү аракетинин жаңы жана өтө кооптуу бир мисалы»,-деп айтылды.
Бул билдирүүлөрдүн Ислам дүйнөсүндө кыжырданууну жаратып, акыл-эстүү ар бир адамды тынчсыздандырганы белгиленген билдирүүдө: «Бир гана мусулмандарга таандык ыйык жер болгон Акса мечитин бутага алган чагымчылдык бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын сезимдерин козгоп, чыңалууну жаратууда»,делди.
Билдирүүдө Израил өкмөтүнүн Палестина элине карай уланып жаткан кол салууларынын күн сайын аймактык жана глобалдык ырааттуулукка коркунуч туудурганы баса белгиленип, «Израилдин баскынчылыгын токтотуу жана Палестина элин коргоону камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун чара көрүү мезгили келди»,-деп айтылды.
Ашынган оңчул Бен-Гвир Аль-Акса мечитинде синагога курууну каалаганын айтты
Бен-Гвир Израиль армиясынын радиосуна сүйлөп жатып, азыркы саясат жөөттөрдүн Месжид-и Аксада ибадад кылуусуна уруксат бергенин айткан. Кабарга караганда, «Акса мечитине синагога курат белеңиз?» деген суроого Бен-Гвир «Ооба» деп жооп берген.
Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз кызматы Бен-Гвирдин билдирүүлөрүнөн кийинки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Месжид-и Аксадагы абалдын өзгөрбөгөнүн айтты.
Бен-Гвирдин билдирүүлөрүнө көптөгөн өлкөнүн лидерлери жана эл аралык уюмдар тарабынан реакциялар билдирилүүдө.