Түркия жылдын алгачкы 7 айында 28 миллиондон ашуун туристти кабыл алды
Орусия Федерациясы 3 миллион 611 миң 218 турист менен биринчи орунду ээледи.
2179095

Түркияга 2024-жылдын 7 айында келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,27 пайызга өсүп 28 миллион 978 миң 471 кишиге жетти.
Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, январь-июнь мезгилинде чет өлкөдө жүргөн жарандардын саны болсо 4 миллион 492 миң 105 деп катталды жана жалпы туристтердин саны 33 миллион 470 миң 576 болду.
Жылдын биринчи жети айында Түркияны эң көп кыдырган өлкөлөрдүн тизмесинде Орусия Федерациясы 3 миллион 611 миң 218 турист менен биринчи орунду алса, Германия 3 миллион 502 миң 628 турист менен экинчи, Британия 2 миллион 434 миң 333 киши менен үчүнчү орунду ээледи.
Иран менен Болгария болсо төртүнчү жана бешинчи орундарда турат.