Улуттук чалгындоо уюму операцияларын улантууда
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Ирактын Хакурк аймагында жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө Сема Жуя Чевлик каймана аттуу Зилан Азакты жок кылды.
Террорго каршы күрөш өлкөнүн ичинде да, чек аранын тышында да чечкиндүүлүк менен уланууда.
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Ирактын Хакурк аймагында жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/КЖКга мүчө Сема Жуя Чевлик каймана аттуу Зилан Азакты жок кылды.
MİT уюмдун ичиндеги агенттеринен, Зилан Азактын бир канча убакыттан бери дрон кол салууларына катышканын билди.
Алынган маалыматтын натыйжасында MİT кадам сайын артынан түшкөн террорист Зилан Азакка каршы операция жүргүзүү чечимин чыгарды.
ПКК/КЖК мүчөсү Зилан Азактын кайда экендиги, MİTтин уюм ичиндеги талаа агенттери аркылуу аныкталды.
Террорист, MİT тарабынан уюштурулган чекит операциясы менен жок кылынды.
Тектеш кабарлар
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.